Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Нарын

Элдик уламыш: Баур хандын кирген адам соо чыкпаган устаканасы жайгашкан Баул айылы (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Баул айылынын аталышы илгерки Баур хандын атынын улам коюлган. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын тактады.

Жергиликтүү тургун Бекболот Латиповдун айтымында,

«Илгери Баур деген хан болгон. Ал Индияны басып алуу үчүн согуш ачат. Бирок ал согушта Баур хан жоокерлеринин аздыгынан улам жеңилип калуусуна көзү жетип, жоокерлери менен кошо качып жөнөйт. Куугунтукка алынган Баур хан менен жоокерлери узак жол жүрүп, качып отуруп, ушул жерге келет. Бул жерди аз да болсо коопсуз деп эсептеп, отурукташа башташат. Ошентип күндөр өтө берет. Амалдуу Баур хан душмандарынан коргонуу үчүн даярдыктарды көрө баштайт. Атайын аскерин түзүп, курал-жарактарды сактоочу жай, атайын курал-жарактарды жасоочу устакана да курдурат. Ал устакананы душман билип, көрүп калбасын деп адырдын ичин каздырып, жер төлөгө салдырган. Шалы (күрүч) эгүүчү жерлерди да кеңейткен. Шалы менен эл токчулукта жашаган. Убакыттын өтүшү менен Баур хандын ээлеген жерлери көбөйө берген. Эл бул жерди Баур хандын аймагы деп атап алган. Ооздон-оозго өтүп отуруп, Баул хандын аймагы болуп аталып калган.

Учурда Баур хандын доорунда жасалган курал-жарак устаканасы, шалы талаалары, тиккен дарактары сакталуу. Баур хан 9 түп дарак тиккени айтылат. Бирок ушул тапта ал дарактардын бирөө гана сакталып турат. Ал даракка 5 адамдын кулачы жетет. Ал эми устаканасына эч ким кире албайт. Себеби кирген адамдын өмүрү кыйылат же дүлөй болуп калат деген түшүнүктөр эл арасына кеңири тараган. Буга чейин бул жерге орус окумуштууларынан экөө кирип, алардын биринин сөөгү чыккан, бирөөсү болсо чыккандан кийин сүйлөй албай калган дешет. Ошондон кийин Баур хандын устаканасына жан кирбес болгон», - деди ал.

Учурда жергиликтүү тургундар ал устакананы сүрөткө тартууга да даабайт. Баул айылында 400 кожолук бар. Жергиликтүүлөр картошка, жүгөрү эгүү менен киреше таап, тиричилик өткөрөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12248
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×