Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баткен

Элдик уламыш: Бир учурда адамдар, жан-жаныбарлар таштап кетип, кароосуз калган Газ айылы (фото)

Turmush -  Баткен районуна караштуу Газ айылы аймакта каздын көптүгүнө байланыштуу аталып калган, деп билдирди айыл тургуну Нурила Абдыкалык кызы Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына.

Маалыматтарга ылайык, Газ айылында учурда 1615 адам жашайт. Айыл тургундары негизинен дыйканчылык менен алектенет.

Газ айылынын жери дыйканчылык кылууга ыңгайлуу. Негизинен насвай, тамеки, өрүк өстүрүлөт.

«Илгери бийик тоолордун, кең жайлоонун ортосунда ынтымактуу эл жашаган. Анда айылдын көркүнө көрк кошуп, кооздоп, мемиреп турган тунук булактуу көлү да болгон. Ал көлдүн үстүндө каздар топ-топ болуп, сүзүп жүрө беришчү экен. Көлдөн канаттуулар, бугулар, жан-жаныбарлар суу ичип, чаңкоосун кандырчу.

Бирок айылда күн катуу ысып, чөптөр куурап, күндүн ысыгына чыдай албаган жаныбарлар да азайып, көл да кургап, жоголуп кетет. Табияттын мыйзамына туруштук бере албаган эл бул айылды таштап кетүүгө аргасыз болот. Элдер көчүп кеткенден кийин бул жерге канаттуулар да, жаныбарлар да келбей калат.

Арадан көп жылдар өтүп, эл өз айылын сагынып, кайра өздөрүнүн кичи мекенине кайтып келишет. Эл кайтып келген мезгилде айылдын чөптөрү куурап, бак-дарактар суусап, айыл сары түскө боелуп калган болот.

Эл бул жерди кароосуз калгандыгы үчүн Карой деп атап, кайрадан жашоосун уланта башташат. Мезгил өтүп, айыл аксакалдары "бул жерде каздар көп, айылдын атын Каз деп атайлы" деп сунушташат. Кийин бул сөз ооздон-оозго өтүп жүрүп, акырында Газ болуп айтылып калган», - деди Н.Абдыкалык кызы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11554
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×