Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Баткен облусу, Баткен 15.04.2016 13:41

«Туңгуч» театры Баткенде «Ажыдаар жана лотос кыз» спектаклин көрсөтүп жатат (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын Апас Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында «Туңгуч» жаштар театры кытай эл жомогунун негизинде «Ажыдаар жана лотос кыз» спектаклин коюп жатат.

«Бүгүнкү күндө мектеп окуучуларынын адеп-ахлак, окуу жана китепке болгон мамилеси терс жактарга өзгөрүүдө. Жаш өспүрүмдөрдүн руханий дүйнөсүн элдик жомоктор менен азыктандыруу максатында Кыргызстандын 7 облусунун шаарларындагы окуучуларга спектаклдерди көрсөтүп, алардын оң багытка бет алышына аз болсо да салым кошуп жатабыз», - деди театрдын жетекчиси Жамал Сейдакматова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×