Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 01.04.2016 13:48

«Сүлүктү периси-2016» сынагын 11-класстын окуучусу жеңип чыкты (фоторепортаж)

Turmush -  Сүлүктү шаарынын сулуулары аныкталды. «Сүлүктү периси-2016» сынагы 30-мартта өтүп, шаардын вице-мэри Марзия Сапаркулова башында турган калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр жарыяланды.

- Баш байгеге СГЭИнин студенти Нооманова Кыял татыктуу болду;

- 1-орунга ээ болгон №7 орто мектебинин 11-классынын окуучусу Бабакул кызы Нуриза «Нукура талант» номинациясына татыды;

- 2-орунга ээ болгон ЖДПБнын медайымы Бурханова Сыргажан «Мыкты кожойке» номинациясына;

- 3-орунга жазылган Сүлүктү педагогикалык колледжинин студенти Маркабай кызы Мадина «Сахна ажары» наамына;

- 4-орунга ээ болгон №73 кесиптик лицейдин студенти Сулайман кызы Бегайым «Акыл карачач» намына татыктуу болду.

Катышуучуларга акчалай сыйлыктар жана маданият бөлүмү тарабынан дипломдор ыйгарылды.

Сынакты уюштурууга, жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга белектерди даярдоого жеке ишкерлер, коомдук уюмдар, активисттер жардам көрсөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×