Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Исфаналык З.Амирахулов 50 миң сомдук эмеректерди жасайт (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарынын 34 жаштагы тургуну Зияхиддин Амирахулов эмеректердин  түрүн жасап, 600 сомдон 50 миң сомго чейин сатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, эмерек жасоодо 6 адам эмгектенет.

«Кесибим боюнча англис тилинен мугалиммин. Жогорку билимди Ош шаарындагы университеттердин биринен алдым. 2004-жылы окууну бүткөндөн кийин Орусияга иштегени барып, ал жакта 3 жылдай жүрдүм. Тапкан акчанын барын эмерек жасай турган жайды алууга жумшадым. Андан кийин иштеп топтогон акчама 2009-жылы эмерек жасоочу жабдыктарды алып, ошондон тарта ушул иш менен алектенип келем. 6 жылдан бери эмерек жасап сатуу менен иштеп жатам. Азыркы тапта бул ишке үй-бүлөбүздүн бары катышып, 6 адам тынымсыз эмгектенип келет. Учурда ишибиз жакшы. Жабдыктардын көпчүлүгүн Бишкектен алдыргам. Эмеректерге керектүү материалдарды Оштон алып келем. Учурда эмеректин бардык түрүн жасайбыз», - деди З.Амирахулов.

Эмеректердин эң арзаны 600 сом болсо, эң кымбаты 50 миң сомго жетет.

«Биздин жумуш мезгил-мезгили менен жүрүп турат. Кардалар күзүндө көп болот. Биз жасаган эмеректердин айрымдары Тажикстанга, Бишкекке чейин сатылууда», - деди уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8921
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×