Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусу, Баткен 30.03.2016 17:56

Баткенде Үркүндүн 100 жылдыгына арналган сүрөт сынагы өттү (фото)

Turmush -  Баткен районунда бүгүн, 30-мартта Тарых жана маданият жылына жана 1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдыгына карата «Улуу тарых унутулбайт» деген темада колго тартылган сүрөттөрдүн сынагы өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ага Баткен мамлекеттик университетинин окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн студенттери, шаардагы мектептердин жана Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт мектеп-интернатынын окуучулары катышты. Сынактын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына дипломдор тапшырылды.

Катышуучулардын эмгектери БатМУда ачылган Край таануу музейине көргөзмөгө коюлат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×