Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Баткен

Элдик уламыш: Жигитпиримди куткарып, Кызпиримди өлүмгө кириптер кылган Сох дарыясынын жээгиндеги 2 дөңсөөнүн сыры (фото)

Turmush -  Баткен районунун Ак-Турпак айылындагы Сох дарыясынын 2 жээгиндеги 2 дөңсөө өзүнө кызыктуу уламышты камтыйт, деп билдирди Чоң-Кара айылынын тургуну, баатыр эне Шарапат Мамырова Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына.

Эл оозунда бул 2 дөң Кызпирим жана Жигитпирим деп аталып келет. Ш.Мамырованын айтымында, Кызпирим менен Жигитпирим бир тууган эже-инилер болгон.

«Алар 7 бир тууган болуп, 6 уулдун ичинде Кызпирим жалгыз кыз болгон. Ата-энесинин душмандары көп болгондуктан бир туугандардын бары өлтүрүлүп Кызпирим менен Жигитпирим аман калган. Эки бир тууган душмандардан качуу үчүн алыс жолго аттанат.

Бирок көп узабай бул эки бир тууган душмандардын колуна түшүп, Кызпирим кармалган жерде душмандардын колунан каза табат. Жигитпирим алардан бошонуп, кайра качат. Ошондо дарыяны кечип өтүп, ушул дөңсөөлөрдүн жанындагы үңкүргө жашынып, көздөн кайым болгон.

Ушул күнгө чейин Жигитпирим тууралуу эч кандай маалымат жок. Ал эми Кызпирим ашкан сулуу болгондуктан ага ашыккандар абдан көп болгон экен», - деп айтып берди баатыр эне ата-бабаларынан уккан уламыш жөнүндө.

Сох дарыясынын эки жээгинде жайгашкан Кызпирим жана Жигитпирим дөңсөөлөрү тургундар тарабынан көрктөлүп, эс алуучу жайга айланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4305
Көп окулду
Элдик уламыштар
×