Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусу, Баткен 07.03.2016 13:17

Баткенде КР эл артисти А.Жайнаковду эскерүү кечеси өттү

Turmush -  Кечээ, 6-мартта Баткен шаарында КРнын эл артисти Апаз Жайнаковдун туулган күнүнө карата эскерүү кечеси өттү, деп маалымдады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Берилген маалыматка ылайык, эскерүү аземине өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, А.Жайнаковдун үй-бүлөсү, бир туугандары, достору жана анын ырларын сүйүп уккан жердештери катышты.

Концерттик программа А.Жайнаковдун «Кыргыз жери» чыгармасы менен башталып, залда отургандар ордунан туруп, чыгарманы чогуу аткарды.

Андан соң Апаз Жайнаковдун ырлары таланттуу ырчылардын аткаруусунда келген конокторго тартууланды.

Апаз Жайнаковдун көзү тирүү болсо бул жылы 56 жашка толмок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×