Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 07.03.2016 10:04

Кадамжайда Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган фестиваль өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Бүргөндү айыл аймагында 4-мартта улуу ойчул, акын, философ Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган фестиваль өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарага Бүргөндү айыл аймагындагы мектептердин окуучулары, мугалимдер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Февтиваль Жусуп Баласагындын өмүр жолун тааныштыруудан башталды. 10дон ашуун мектептерден келген катышуучулар «Кут алчу билим» чыгармасынын автору Баласагындын жашап өткөн доорунан театрлаштырылган көрүнүштөрдү тартуулашты.

Фестиваль ыр-бий менен коштолуп, аймактын ар тарабынан келген таланттар Жусуп Баласагындын бийликти башкаруу, билим жана акыл аркылуу бийиктикке жетүүнү чагылдырган ырларынан окуп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×