Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу 05.03.2016 10:59

Лейлектеги музей начар абалда (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында жайгашкан Курбаналы Сабыров атындагы орто мектептеги музей жараксыз абалда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов музейдин абалы менен таанышып чыккан. Аталган музей 10 жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес, жана 2011-жылы жер титирөөдөн жараксыз абалага келип калган.

Быйылкы Тарых жана маданият жылына байланыштуу Б.Бекмуртов аталган музейге демөөрчүлөрдү таап, иш алып барууга колдоо көрсөтө тургандыгын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×