Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуБаткен району 02.03.2016 10:03

Баткенде Тарых жана маданият жылына карата окуучулар арасында сынак өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Баткен районуна караштуу Чек айылынын маданият үйүндө Тарых жана маданият жылына карата Чек орто мектебинин «Бүчүр» ийриминин окуучулары «Тарыхсыз эл болбойт, маданиятсыз жер болбойт» деген темада сынак өттү.

Иш-чарага Баткен районунун балдар чыгармачылык үйүнүн мугалимдери, «Бүчүр» ийриминин жетекчиси, музыка мугалими, ата-энелер жана окуучулар катышты. Окуучулар «Тарых» жана «Маданият» болуп эки командага бөлүнүп, өнөрлөрүн көрсөтүшүп, Баткенден чыккан атактуу чыгармачыл инсандарга жана айгүл гүлүнө арналган ырларынан көркөм окушту.

«Тарых» командасы 1916-жылдагы Үркүнгө байланышкан К.Баялиновдун «Ажар» повестинен Ажардын монологун жана «Маданият» командасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасындагы Нургазынын монологунан үзүндүнү сахналаштырып көрсөтүштү.

Ошондой эле, окуучулар өздөрү жасаган буюмдарын, тарыхый көргөзмөлөрдү калыстар тобуна көрсөтүштү. Жыйынтыгында калыстар тобу эки команданын аткарган чыгармаларын баалап, «Маданият» командасы жеңишке жетишкенин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×