Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 01.03.2016 08:05

Элдик уламыш: Соодагерлерди тоногон каракчынын атынан калган Куршаб айылы (фото)

Turmush -  10 кылымдык тарыхы бар Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтү соодагерлерди тоногон каракчынын атынан аталып калгандыгы тууралуу элдик оозеки уламыштарда айтылып келет. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Абжали Алиев билдирди. Жашы 80дин кырына келип калган аксакал Куршаб айылынын аталышы боюнча элдик оозеки уламыштын 2 түрүн айтып берди.

«Айыл 983-жылы Куршаб деп аталган экен. Арабдар "Куршабка келип, Куршаб дарыясын басып өттүм. Өзгөн дарыясы менен Куршаб дарыясынын ортосунда Куршаб деген шаар болуптур, көрдүм" деп жазып кеткен. 1000 жылдан ашык убакыттан бери Куршаб деп аталат. Ким атаганы толугу менен белгилүү эмес.

1-вариантта "Манас" эпосунда бийик-бийик тоолордун аягы барып чат болот делген. Чат — тоолордун этегиндеги түздүк. Куршаб тоолордун этегинде жайгашып, айланасы тоолор менен курчалган. Бийик тоолордун этегин курчап турган түздүк деген сөздөн улам коюлган.

2-вариант боюнча мурун бул жер токой болгон экен. Эл жок болгон, бирок токойдун этегинде Куршаб деген шаар болуптур. Шаарга өткөн жерде каракчылар шаарга келген соодагерлерди талап-тоноп турган. Соодагерлер ошол учурдагы эл башчыларга ууруну кармоо боюнча кайрылган. Издеп жүрүп тоногон адамды тапса, ал бир эле адам болуп чыккан. Анын белинде шаб болгон. « Шаб» бул « кылычты» түшүндүрөт. Ал ууру куруна шабды кыстарып, соодагерлерди коркутуп жүрүптүр. Ошондон улам шабы бар каракчы деген сөз чыгып, курунда шабы бар деп жүрүп, куршаб аталып калган деген божомолдор айтылып келет», - деди А.Алиев.

Союз мезгилинде Куршаб район болуп, анын карамагына 5 айыл өкмөт карап турган. 1959-жылы Куршаб Өзгөн районуна карап калган. Куршаб өрөөнүндө Куршаб, Кароол, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айыл өкмөттөрү болгон. Элдин көбү тамеки эгип тиричилик кылышкан.

Союз мезгилинде Куршабда 42 колхоз уюшулган. 1960-жылдары алар биригип, 2 совхозду түзгөн. Учурда элдин басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенет. Калктын 5%ы гана өзбектер, калганын кыргыздар түзөт. Жалпысынан бул чөлкөмдү бостон, жору, тейит, кара-багыш, таргынын таздары деген уурулар мекендеп келет.

Абжали Алиев 82 жашта, учурда персоналдык пенсияда. Айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×