Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 29.02.2016 14:48

Элдик уламыш: Дарылык касиети бар дарактын атынан аталган Лейлектин Катраң айылы (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айылы райондогу ири айыл аймактардын катарына кирет. Учурда аталган аймакта 10 миңге чукул калк жашайт. Айылда 8 мектеп бар.

Айыл аксакалдары айткан уламыштарга ылайык, кайсы бир жылдары каатчылык болуп, эл ачкадан кырыла баштайт. Ачкачылыкка удаа эле жугуштуу ич келте оорусу да күч алат. Ошондо айылдын акылман дарыгери «тоодо өскөн катраң деген даракты издегиле» деп, туш-тушка чабарман жөнөтөт. Акыры бул дарак Катраң өрөөнүнөн табылганда, дарыгер «дарактын тамырын алып, сууга кайнатып ичкиле» деп айткан.

Ачкадан жана оорудан жапа чеккен эл катраң дарагын кыйып, тамырын жеп, өз өмүрлөрүн сактап калышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×