Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 24.02.2016 08:00

Элдик уламыш: Лейлектеги 10 кумган алтын табылган жер – Даркум айылы (фото)

Turmush -  Лейлек районундагы Даркум айылынын аталышы гунндар жашаган доорго барып такалат. Даркум айылынын аталышы «даргун», «гунн», «хунну» деген сөздөрдөн келип чыккан. Ошондой эле Даркумдун аталышы «кум-кумган, 10 кумган алтын табылган жер» деген фарсы сөзүнөн чыккан деп айтылат.

Айрым аксакалдардын айтымында, гунндардын тилинде «дар» сөзү конуш жайды билдирсе, «кум» сөзү гунндар дегенге жакындашып, Гурдар жашаган конуш жай дегенди билдирген.

Бул жерде Жети таш конуш жайы өзгөчө белгиленет. Ал жерде адам сыяктуу 7 таш бар. Алар жоодон – душмандан качып, ташка айланып калган адамды элестетет.

Совет мезгилинде бул айылдагы колхоз да, айыл да, мектеп да «Кызыл Байрак» деп аталган. Колхоз 1950-жылы ирелештирилип, «Коминтерн» колхозуна бириктирилген. Мектепке 2010-жылы Ташполотов Шердин ысымы берилген.

Даркум айылында учурда 1 орто мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП, 1 мечит, 1 коомдук мончо иштейт. Маалыматтарга ылайык, Даркум айылында 875 адам жашайт. Жергиликтүүлөрдүн көпчүлүк бөлүгү айыл чарбачылыгы менен тиричилик кылышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×