Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баткен

Элдик уламыш: Пайгамбардын күйөө баласы Азирет Али душмандардан качып келе жатып, зыярат кылган жай Кадамжайдын ыйык жерине айланган (фото)

Turmush -  Эл оозундагы уламыштарда 1400 жыл мурда Мухаммад алейхис-салам пайгамбардын күйөө баласы Азирет Али душмандардан качып келе жатып, азыркы «Азирет Али» зыярат кылынуучу жеринде намазын окуп, Шаймерденге өтүп кеткен. Айрым маалыматтарга караганда, Азирет Али азыркы Кадамжайдын аймагындагы бул жайга динди таратуу максатында келген.

Ошол жердеги чоң ташта Азирет Алинин таманынын изи калган. Ал из өтө чоң адамдын изи экени көрүнүп турат. Бул издин айланасы тосмолонуп, зыярат кылуучу жайга айланган. Башка маалыматтарга караганда, Азирет Али намаз окуп жаткан кезде таштар ээрип, анын таманынын изи калган. Андан улам Азирет Алинин кадам изи түшкөн жер деп аталып, бара-бара Кадамжай деген аталышка айланган.

Учурда Кадамжай шаарында жайгашкан сыйынуучу жай кароого алынып, бул жерге келген адамдар Куран окуп өтүшөт.

Cайдын аркы бетиндеги тоодо да бармактарынын изи калгандыгы айтылып келет. Бул сыйынуучу жай Шаймерден сайынын оң тарабында, Кадамжай–Кызыл-Булак жолунун сол жагында жайгашкан. Сай бойлоп тепкичтер жасалып, жан-жаныбарлардын айкелдери тургузулган.

Айланасына бактар отургузулуп, сөөрүлөр жана мечит курулган. Андан тышкары жаңы баш кошуп жаткан жаш жубайлар сүрөткө түшүү менен бирге бата алып, зыярат кылууну адатка айлантышкан. Ошол жердеги жумушчулардын айтымында, «Азирет Али» зыярат кылуучу жайдын айланасы 1999-жылы ашар жолу менен тосулган.

Бул жайга зыярат кылганы келген адамдар кан чыгарып, атайын акча салуучу жайга акча таштап, Куран окуп кетишет.

Айланасы ар дайым таза турат. Ал эми элден түшкөн каражат бул жайды караган адамга жана ушул жерге шарт түзүүгө жумшалат. Ал жайга мамлекеттен тышкары молдо Мухтардын уулу деп таанылган Абдилхай Ахмедов демөөрчүлүк кылат.

Бирок ислам аалымдары сыйынуучу жайга байланышкан божомолдорду четке кагат.

Мындан сырткары Кадамжай районунун аймагында Гөзал-Ата, Билал-Ата, Кожо-Кайыр, Кожо-Алматы, Кожой-Азиз сыяктуу ыйык деп эсептелген жерлер арбын. Ал эми Пышкөөт, Караказык, Пурсун Шейит-Сурматаш туристтик маршруттарында жыл сайын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтер арбын.

Атагы алыска кеткен «Дугаба» альплагеринде дүйнөнүн чыгаан альпинисттери өздөрүнүн эркин, күчүн сынашат.

1991-жылдын 15-мартындагы райондук кеңештин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 6-мартындагы токтому менен Фрунзе району Кадамжай району болуп аталып, кайрадан тарыхый атына ээ болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8467
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×