Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

«Элдик уламыштар»: Сулайман ата алтын бекиткен Ноогардан айылы (фото)

Turmush -  Ноогардан айылы Кадамжай районундагы Халмион айыл өкмөтүнө карайт. Өзүнө көп сырларды камтыган бул айылдын түптөлүшү 1840-жылдарга туура келет.

Кокон хандыгынын тушунда жергиликтүү бийлик төбөлдөрү элдерди Катыраң тоонун түндүк бөлүгүнө көчүрүп келишкен. Буга чейин аталган айылдан Улуу Жибек жолу аркылуу кербендер өтүп турган. Айылдын аталышы да ошол кербендер өткөн учурга туура келет.

Ноогардан тажик тилинен алынган сөз. «Ноо» сөзүнүн мааниси — жыгачтан жасалган суу алуучу буюм. «Жашоо үчүн арыктан суу сүзүп алып пайдалан» деген түшүнүктү берет.

«Эч нерсе эгилбеген түз талаада агын суу жок болгондуктан жүгөрү, буудай, арпа сыяктуу дан эгиндерин эгип, сууну буруп, жашооңо керек нерселерди (жегенге азык-түлүктөрдү) жаса» деген маанини берет.

Бул аймакты кара дарак өрөөнү деп да аташат. Анткени өрүк, жүзүм, шабдаалы, алма сыяктуу мөмө берүүчү өсүмдүктөрдүн бары өсөт.

Мал чарбачылыгы да кенен жайылган. Бодо мал жана майда жандыктар багылат. Бүгүнкү күндө бул айылда 548 кожолук жашайт. Калкынын саны 2500гө чукул.

Негизинен Ноогардан айылында 4 уруу: каңды, түркмөн каңды, жоо кесек, бостон уруулары жашайт. Бул айыл Катыраң тоонун жанында жайгашкан. Тоо да өзүнө көптөгөн сырларды камтып турат, дешет жергиликтүү тургундар.

Тоонун аталышы чөптүн атынан коюлган. Анткени ал жерде катыраң чөбү өсөт. Бөксө тоонун узундугу 100 км, туурасы 50 км. Деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан.

1939-жылы тоо этегине жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн. Фергана өрөөнүндөгү завод-фабрикада иштеген кызматкерлерди Катыраң тоонун этектерине бак-дарактардын түрлөрүнүн көчөттөрүн эгүүгө үндөшкөн. 1941-жылы согуш башталганына байланыштуу тоонун чыгыш тарабына чырпык да өстүрүлбөй калган. Отургузулган бак-дарактар бүгүнкү күнгө чейин сакталып, корукка алынган.

Айылдын тургуну Талант Ражаповдун айтымында, Катыраң тоодо сыйынуучу жайлар көп.

«Илгери кыргыздар теңирге ишенип жашаганбыз да. Анын калдыктары бүгүнкү күнгө чейин сакталып, тоонун кээ бир жерлерине чүпүрөк байлап, тыйын таштап, шам жаккандар бар. Үңкүрлөр көп. Бул тоодо 15тен ашуун кен байлыктар бар. Сурма, көмүр, коргошун сыяктуу байлыктар толтура. Геологдор келип изилдеп кетишкен, азыр да изилдөө иштери токтой элек. Кээ бир уламыштарга караганда Сулайман ата алтын бекиткен дешет. Сел жүрүп, тоонун чекесин оюп кеткенде суу алып кеткен жерлерден алтын таап алгандар да бар.

Катыраң тоо Ферганага көрүнүп турган тоолордун бири. Фергана менен биздин айылдын ортосундагы аралык 19 км. Илгертеден бери кыргыз, өзбек, тажик элдери карым-катнашта жашашкан. Базарыбыз, акча бирдигибиз бир болуп, мал-жандыктарды, эттерди коңшу өлкөлөргө жакшы баада сатып турчубуз.

2010-жылы чек ара тосулду. Мурункудай бири-бирибиздин базарларга кире албай калдык. Мындан сырткары, коңшу элден кыз алгандар көп болчу. Биз деле аларга кыз беребиз. Бирок ал жактан көбүрөөк кыз алчубуз», - деди Ноогардан айылынын тургуну Талант Ражапов.

Мындай аталыштагы тоо Лейлек районунда да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10887
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×