Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баткен

Фото - Кадамжайдагы атын өзгөртүү сунушталып жаткан Гүлдүрөмө айылы тууралуу элдик уламыштар

Turmush -  Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнө караштуу Гүлдүрөмө айылы бар. Бүгүнкү күндө бул айылда 230 кожолук жашайт. Эл оозунда айылдын Гүлдүрөмө деп аталып калышы боюнча эки уламыш айтылып жүрөт.

Качандыр бир убактарда жар боорлорунда же сайларда күн күркүрөгөндөй добуш чыгып турчу. Мындай күркүрөгөн үн күн чайыттай ачык турган кезде да аз отурукташкан элге угулуп тургандыктан Гүлдүрөмө деп аташкан дешет.

гул

Ал эми айылдын айрым аксакалдары айылдын атын шаркырап аккан сууга байланыштырышат. Шагыл сайдан суу шар аккандыктан таштар ташка урунуп, гүрүлдөгөн үн чыкчу дешет. Учурда айылда шар аккан агын суу жок. Ал суу Өзбекстан аркылуу келгендиктен, сууну тартып, нугун башка тарапка буруп алышкан. Бүгүнкү күндө арыктан аз өлчөмдө гана суу агат. Көпчүлүк убакта суу келбей да калат.

Өкмөт тарабынан 1977-78-жылдары канал куруу иштери башталып, 1980-жылга чейин толук бүтүрүшкөн.

гул1

Аталган айылдын 85 жаштагы карыясы Бекжан Рышов өзүнүн билгендерин Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Бул айыл мынчанчы жылы түптөлдү деп айтуу кыйын. Биздин айыл өзүнө көптөгөн жылдарды камтыйт. Так айта албасам да, орто эсеп менен 200-300 жылдын жүзү болуп калды. Кыргыз-өзбек чек арасы жок мезгилде арыктын узундугун 1000 метрге чейин казып, сууну агызышкан экен. Биздин айылга суу жогору тараптан 8 километр алыстыктан келет. Суу чоң аккандыктан чукур кылып оюп, арыктагы шагылдарды агызганда гүрүлдөгөн үн чыккан. Айылдын аты ошондон улам келип чыккан. Акыркы 6 жылдан бери айылдын эли атын өзгөртүүнү сунуштап келет. Бир уккан адамга түшүнүксүз угулат. “Эмне деген ат?”- деп таң калгандар көп. Айыл өкмөткө кайрылып, расмий атыбызды өзгөртүп бергиле деп жатабыз.

гул 4

Биздин айылдан ылдый тарапта жайгашкан Таш-Дөбө деген айыл бар. Ошого улай эле биз Жогорку Таш-Дөбө деп атасак деп жатабыз», - деди Бекжан карыя.

Айыл дыйканчылыкка, мал чарбачылыгына ылайыктуу жер. Элдин көпчүлүгү өрүк өстүрүп, анын артынан пайда көрүшөт. Мындан сырткары ар бир үйдө малина өстүрүлөт. Жаз, жай, күз мезгилдеринде малинанын килограммынан 90 сомдон 110сомго чейин пайда көрүшсө, өрүктүн килограммынан 370 сомдон 500 сомго чейин пайда көрүшөт.

Учурда 950 калк жашаган Гүлдүрөмө айылында 1 мектеп, 50 орундуу бала бакча жана 2 мечит бар.

гул2

Гүлдүромо

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7402
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×