Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Баткен облусу, Баткен 26.01.2016 15:18

«Жаш талант:»: Комузда кол ойнотуп, «Кара жоргону» мыкты бийлеген баткендик Күнайым келечекте жактоочу болууну самайт (фото)

Turmush -  Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Күнайым Дыйканова 4 жашынан баштап комузда кол ойнотуп, бийлегенди жактырат.

К.Дыйканова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ар кандай кароо-сынактарга катышуу менен ийгиликтерди багынтып, облустук деңгээлде өткөн бардык иш-чараларда активдүүлүгүн көрсөтүп келет.

Ал Нурак Абдрахмановдун «Балалык» аттуу күүсүн берилип чертип, «Кара жорго» бийин бийлейт.

Жаш талант келечекте кыргыз эли үчүн кызмат кылган жактоочу болууну самайт. Ал бош убактысында китеп окуп, билимин тереңдетүү менен алектенет.

Анын устаты жана атасы Токсейит Дыйкановдун айтымында, Күнайымдын таланты 2-3 жашынан эле байкала баштаган.

«Мен ага 4 жашынан баштап комуз чертүүнү үйрөтүп, бий ийримине алып бардым. Бүгүнкү күндөгү жетишкендиктери жаман эмес. Ал эми келечекте кандай кесиптин ээси боло тургандыгын өзү тандайт», - деди атасы.

5

3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×