Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 08.12.2015 19:40

75 жаштагы жазуучу И.Жусубалиевдин көргөн-билгендери, билими 3 томдук «Өмүр элестери» китебине түшүрүлдү (фото)

Turmush -  Жазуучу Ильяс Жусубалиев «Өмүр элестери» аталышындагы жаңы чыгармасы менен мурдагы кесиптештерин тааныштырып, алардын ой-кикирин угуу үчүн Кызыл-Кыяга келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

75 жашка толгон Ильяс Жусубалиев Ош облусунун Алай районундагы Жошолу айылында туулган. Анын балалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун оор күндөрүнө туш келген.

«Атам согушка кетип кайтпай калган. Апам болсо колхоздо иштеп, мени кошо талаага алып алчу. Ошентип жүргөн учурларда талаадан жылан көрүп корккон учурларым болгон», - деди И.Жусубалиев.

Фрунзедеги политехникалык институтту аяктагандан кийин Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаарларындагы эт комбинатында, андан кийинки жылдары бир нече партиялык кызматтарда иштеген.

Учурда республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары жана республикалык телеберүүлөргө байма-бай чакылырып турган ардактуу конок.

«Ардактуу эс алуу учурумда бош убактым болуп калды. Ошон үчүн турмуштук тажрыйбам, билимим жана белгилүү инсандар менен болгон жолугушкан учурларды  жалпы окурмандар менен бөлүшүүнү чечтим», - деди И.Жусубалиев.

Кызыл-Кыянын ардактуу атуулу, Эмгектин ардагери, мурунку партия кызматкери Турсун Сатывалдыеванын айтымында, И.Жусубалиевдин эмгеги эң жогорку сапаттагы чыгарма экендигин белгиледи.

«Өмүр элестери» 3 том болуп 2 тилде басылып чыкты. Ар бир том 500 беттен турат. Анда көптөгөн тарыхый сүрөттөр жана ал иштеген региондордогу экономикалык көрсөткүчтү көрсөткөн документтер, автордун СССР тууралуу ой жүгүртүүсү жана ошол учурдагы тарыхка болгон көз карашы чагылдырылган.

И.Жусубалиев аталган эмгегин 3 жылда жазып бүтүргөн.

«Жакынкы күндөрү китеп 1 миң нускада жарык көрөт. Бул китептеги материалдар тууралуу документалдуу тасма тартуу тууралуу ойлонум жатам», - деп кошумчалады автор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×