Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 08.12.2015 08:41

Кадамжайда 20дан ашык аспаптарда ойногон таланттуулар менен «Ыр кесе» өттү

Turmush -  Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында 6-декабрда 7 айылдын катышуусундагы «Ыр кесе» өттү.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Абдыганы Жолдошевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын башында жергиликтүү кеңештин токтомунун негизинде айылдагы таланттууларды колдоо жана аларды эл алдына алып чыгуу максатында «Ыр кесе» сынагы башталган.

«Ыр кеседе ар түрдүү улуттун 20дан ашык музыкалык аспабында ойной алган таланттуу инсандар ат салышты. Бул ыр кесенин жыйынтыктоочу бөлүгү жакынкы күндөрү белгиленүү алдында турат. Сынактын жеңүүчүлөрүнө жергиликтүү бийлик тарабынан даярдалган баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылат», - деди А.Жолдошев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×