Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 24.11.2015 09:15

Бүргөндү өрөөнүн өздөштүргөн саясий ишмерлер, дыйкандар жана механизаторлордун өмүрү баяндалган атайын журнал чыкты

Turmush -  Кадамжай районундагы Бүргөндү өрөөнүнүн түптөлгөндүгүнүн 40 жылдык мааракесине карата «Баткен таңы» облустук гезитинин атайын чыгарылышы жарык көрдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Атайын чыгарылыш Бишкек шаарынан 5000 нускада түстүү журнал болуп басылды.

Ал атайын Бүргөндү өрөөнүнүн 40 жылдык мааракесине арналып, өрөөндү өздөштүрүүгө биринчилерден болуп киришкен Султан Ибраимов, Темирбек Кошоев, Муктар Нургазиев, Орун Абдрахманов өңдүү саясий ишмерлерден тышкары жергиликтүү дыйкандардын, механизаторлордун жана башка белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин өмүр таржымалы баяндалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×