Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусу, Баткен 17.11.2015 11:14

Баткендин Кызыл-Бел айылында Эл аралык толеранттуулук күнүнө карата окуучулар КВН өткөрүштү (фото)

Turmush -  Баткен районундагы Кызыл-Бел айылында жайгашкан А.Масалиев атындагы орто мектебинде кечээ, 16-ноябрда Эл аралык толеранттуулук күнүнө карата жогорку класстын окуучулары арасында КВН өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

КВНге жалпысынан 5 команда катышып, ар башка өлкөлөрдүн ырларын ырдап, бийлерин бийлеп, толеранттуулукту жайылтуу максатында коомдук жайда, мектепте, улуттар арасында жана диний толеранттуулук жаатында ар кандай учурларды чагылдырып, көрүүчүлөр менен катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулоо менен биримдикке жана достукка чакырышты.

КВН толеранттуулук аркылуу достук мамилелерди чыңдоо, чек арада жайгашкан жаштар арасында достук сезимин бекемдөө аркылуу чыр-чатактын алдын алуу максатында өткөрүлдү. Ушундай эле КВН форматындагы иш-чара бүгүн, 17-ноябрь күнү Самаркандек айылында өтөт. Маданият үйдүн кызматкерлери менен биргеликте уюштурулган мындай иш-чарага 7 мектептин жогорку класстарындагы окуучулар катышат.

Эл аралык толеранттуулук күнүн майрамдоонун негизги максаты — ар бир өлкөнүн жарандарынын арасында алардын ээлеген орду, карманган дини, узак убакыттан бери сакталып келе жаткан маданиятын сыйлоо, элдер арасында достукту, мээримдүүлүктү, бири-бирине болгон сый мамилени чыңдоого чакыруу болуп саналат.

Аталган демилге «Эл аралык толерантуулук үчүн» фонду, Фергана өрөөнүндөгү «Тынчтык өрөөнү» түйүнүнүн жана GPPAC эл аралык уюмунун колдоосунда жүзөгө ашырылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×