Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу, Баткен 14.11.2015 12:32

Баткен областтык китепканасынын имаратын куруу үчүн каражат бөлүү маселеси өкмөткө сунушталды

Turmush -  Баткен областтык китепканасынын имаратын куруу үчүн каражат бөлүү маселеси өкмөткө сунушталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына өкмөттүн Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Алижан Абдыкалыков билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, Баткен областтык китепканасынын атайын имараты жок.

А.Абдыкалыковдун айтымында, Баткен шаардык мэриясы тарабынан  Баткен шаарынын Чет-Булак аймагынан жер тилкеси бөлүнүп берилген. Бирок акча каражатынын жоктугунан имарат куруу маселеси чечилбей келет. Мэрия тарабынан китепкананын долбоордук сметалык документтери даярдалган. Бүгүнкү күндө Баткен шаардык мэриясы жана өкмөттүн Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан өкмөткө областтык китепкананын имаратын курууга акча көйгөйүн чечүү маселе коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×