Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 02.11.2015 17:30

Кадамжайда маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы белгиленди

Turmush -  Бүгүн, 2-ноябрда Кадамжай районунда маданият кызматкерлери кесиптик майрамын белгиледи. Бул тууралуу Кадамжай райондук маданият бөлүмүнүн жетекчиси Асилбек Тажибаев билдирди. Анын айтымында, майрамдык иш-чарага мекеме-ишканалардын жетекчилери жана райондун аймактарынан келген маданият кызматкерлери катышты. Майрам концерттик программалар менен коштолуп, сый тамактар уюштурулду. Андан тышкары мыкты маданият кызматкерлери Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак громаталары менен сыйланды.

Бүгүнкү күндө аталган райондун маданият бөлүмүндө жалпы 108 кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×