Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 27.10.2015 15:26

Айыл турмушу: Сүлүктү шаардык музейинде XVII кылымда колдонулган аспаптар сакталат (фоторепортаж)

Turmush -  Сүлүктү шаардык тарых музейинде XVII кылымда колдонулган буюмдар сакталат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Сүлүктү шаардык тарых музейинин директору Абдипатта Ниязов билдирди.

Анын айтымында, СССР мезгилинде Сүлүктү шаарында бир нече кылымды камтыган тарыхый экспонаттарга бай музей иштеген. Тилекке каршы СССРдин кыйрашы менен музей да чачырап, экспонаттардын көпчүлүгү жоголуп кеткен. Эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан тарта Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Абдырахман Сабыр уулу демилге көтөрүп, музейди кайрадан түптөө иштери башталган.

«Бул имарат 1956-жылы мектеп катары курулган эле. Андан кийин басмакана, мамлекеттик коопсуздук комитетинин кеңсеси болуп кызмат өтөгөн. 2007-жылы мэриядан музей катары колдонууга алдык. Ошондон бери Сүлүктү шаардык музейи катары иштеп келет. Бул жерде Сүлүктү шаарына эмгеги сиңген коомдук ишмерлердин, жетекчилердин жана шахтачылардын өмүр баяндары, Сүлүктү шаарынын тарыхы чагылдырылган. Ошондой эле музейде XVII кылымда пайдаланылган таш кетмен, таш теше сыяктуу дыйканчылыкта колдонулган аспаптар бар. Мындай аспаптар улуттук тарых музейинде да жок экен. Башында айткандай СССР тараганда музейдеги буюмдар да чачылып, экспонаттар да жоголуп кеткен эле. Айрымдарын Сүлүктү шаарындагы билим берүү мекемелеринин тарыхчылары алган экен, музей ачылган соң өз колу менен алып келип, тапшырып кетишти. Аларга алкыш айтам. Ошондой эле музейде атайын музыкалык аспаптар бөлүмү ачылган. Анда 1900-жылдары колдонулган фортепиано жана башка музыкалык аспаптар орун алган. Жалпылап айтсам бүгүнкү күндө музейде 800гө жакын экспонат бар. Кудай буюрса бул экспонаттардын ар бирин фонд катары каттап, картотека түзүү ниетибиз бар. Буюрса ал максаттарыбыз ишке ашса бул музейди республикалык деңгээлдеги музейлердин бирине айланталы деген ниетибиз бар», - дейт А.Ниязов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×