Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 27.10.2015 14:35

Сүлүктү шаардык музейинде И.Раззаковдун 105 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Сүлүктү шаардык музейинде мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 105 жылдыгына карата эскерүү кечеси уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

«Анда катышуучуларга улуу инсан Исхак Раззаковдун балалыгы, басып өткөн жолу, жасаган эмгектери тууралуу маалыматтар берилип, сахналаштырылган көрсөтмө болду», - дейт Сүлүктү шаардык тарых музейинин директору Абдипатта Ниязов.

Анын айтымында, аталган иш-чара Сүлүктү шаардык музейинин И.Раззаковдун өмүр жолун чагылдырган бөлүмчөсүндө өткөрүлгөн.

«Бул иш-чаранын негизги максаты улуу инсан И.Раззаковдун элге жасаган эмгектерин коомчулукка толук ачып берүүгө багытталган. Ошондон улам Сүлүктү шаарындагы №8 орто мектебинин окуучулары менен биргеликте И.Раззаковдун бала чагын эске салган «Менин энемди көрдүңөрбү?» деп аталган театралдык көрсөтмөнү коюп, анын татаал бала чагы тууралуу чагылдырдык. Ошондой эле замандаштарынын эскерүүлөрүн окуп бердик. Мындан тышкары И.Раззаков тууралуу документалдык тасманы көрүүчүлөрдүн назарына койдук. Иш-чарабыз ушуну менен эле жыйынтыкталып калбайт. Себеби, Сүлүктү шаарында 1 апта бою И.Раззаковдун жумалыгы белгиленгендиктен жакынкы күндөрү каалоочуларды улуу инсан туулган Коросон айылына экскурсияга алып барабыз. Ал үчүн баардык шарттар түзүлдү», – дейт А.Ниязов.

Маалым болгондой, иш-чарага Сүлүктү шаарындагы университеттердин студенттери менен жергиликтүү тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×