Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу 22.10.2015 16:58

Ак-Талаада мамлекеттик тилдин 26 жылдыгына карата тематикалык кече өттү

Turmush -  Мамлекеттик тил күнүнүн 26 жылдыгына карата Ак-Талаа районундук балдар билим берүү борборунда «Улуттун үнү – анын тилинде» аттуу тематикалык кече өттү.

Аталган окуу борборунун директору Айнура Баязова Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, кечеде окуучулар тарабынан кыргыз тилин даңазалаган ырлар, макал-лакаптар жана акыйнектер айтылды.

«Ошондой эле окуучулар улуттук кийимдерди кийип, улуттук аспаптарда кол ойнотушту. Андан сырткары, борбордогу ийрим жетекчилери бөлмөлөрдө методикалык бурчтарды уюштурушкан», - деп билдирди А.Баязова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×