Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 22.10.2015 16:14

Кадамжайда кыргыз тилине жана төкмө акын Т.Сатылгановдун 100 жылдыгына карата өткөн сынакта Халмион айылынын мектеби жеңди

Turmush -  Кадамжай районунда кыргыз тили мыйзамынын кабыл алынышынын 26 жылдыгына жана төкмө акын Токтогул Сатылгановдун 100 жылдыгына карата мектептер арасында 1 айлык сынак жарыяланып, 1-орунга Халмион айыл аймагынын Т.Сатылганов атындагы орто мектеби ээ болду.

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү билдиргендей, бул сынакта мектеп окуучулары кыргыз тилин жана төкмө акын Т.Сатылгановду даңазалаган концерттик программалар жана ар түрдүү көрсөтмөлөр менен коштолду.

Ал эми жеңүүчүлөр Кадамжай райондук билим берүү тармагы тарабынан сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×