Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 08.10.2015 10:37

Театр жана кино актрисасы Ж.Сейдакматова Лейлек жергеси тууралуу көркөм тасма тартууда

Turmush -  Театр жана кино актрисасы Жамал Сейдакматова Лейлек жергеси тууралуу «Илек-Илек Лейлек» аталыштагы тасма тартууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ж.Сейдекматова бир нече ай мурун Лейлек жергесине келген. Ошондо Лейлек элинин мүнөзү, жергеси, табияты белгилүү актрисага жагып калган.

«Кетерге жакын «бул жак абдан жагып калды, буюрса жакынкы аралыкта Лейлек жергеси тууралуу көркөм тасма тартамын» деп сөз берип кеткен. Эми Жамал эжекебиз айткан сөзүнө туруп, Лейлек жергеси тууралуу көркөм тасма тартканы келди. Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы таланттуу эжебиздин тасма тартуусуна колдон келген жардамын көрсөтүүдө», - деп билдиришти Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×