Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусуБаткен району 19.05.2015 11:46

Баткендин Кыштут айылында маданият үйүнүн учурда иштебей жатканы айылдыктардын башкы маселесине айланды

Turmush -  Баткен районунун Кыштут айылында Союз мезгилинде иштеп турган маданият үйүнүн учурда иштебей жатканы айылдыктардын башкы маселеси экенин айтышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25 жылдай мурда айылдыктар ашар менен кенен-кесири имаратты куруп, маданий иш-чаралар эми ушул жерде өтөт деп үмүттөнүшкөн. Бирок имарат курулаган, ошол боюнча кароосуз калып, уроо алдына келген.

Жергиликтүүлөр бул иштебей калган маданият үйүнө акча каралганы менен абал өзгөрбөгөнүнө нааразы. Ал эми айыл башчы маданият үйүнүн учурда иштебей калышынын башкы себеби ашар жолу менен курулганын айтат. Аталган имаратка бөлүнгөн акча болсо оңдоп түзөөгө жетпегендиктен анын ордуна 150 миң сомго 3 бөлмөлүү китепкана курулган. Мындай абалдагы кеңсеге өкмөттөн үмүт үзүлгөнүн айтат айыл башчы.

Белгилей кетсек, Баткен районунун борборунан 50 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Кыштут айылында кыш чилдесинде 3 ай күн, жай саратанда 3 ай ай тийбейт. Айылда маданият үйү, уюлдук байланыш жана жер маселелери тургундарга бир топ кыйынчылык жаратат.

Бул кичине кыштакта ар бир киши башына бир жарым соткадан жер үлүшү тийген. Тоолуу Кыштут айылында 1500 жүздөй киши жашайт. Көйгөйү болсо бир топ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×