Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусуКадамжай району 07.01.2015 12:18

Фото - Христиан, православдык диний майрамдарды дин эркиндиги катары карайбыз, - мэр Т.Камбаров

Turmush -  Кадамжай шаарында бүгүн, 7-январда православ динин туткандар Ивер Иконасы чиркөөсүндө Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Кадамжай шаарынын мэри Толкун Камбаров өз белегин тапшырып, куттуктоо сөздөрүн айтты.

«Биз христиан, православдык диний майрамдарды дин эркиндиги катары карайбыз», - деди мэр Т.Камбаров.

Белгилей кетсек, Кадамжай районунда бүгүнкү күндө 1 миңден ашуун христиан дининин өкүлдөрү жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×